www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Көпчүлүк аймактарда жаан жаайт. 30- майга күтүлгөн аба ырайы

Кыргызгидромет маалымдагандай, 30-майда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө, Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын болбойт.

Күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +21…+26,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +5…+10, күндүз +19…+24,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +24…+29,

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +7…+12, күндүз +18…+23,

Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +16…+21.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз өткүн өтүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +10…+12, күндүз +24…+26 градус нөлдөн жогору.

 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости