www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда аскер кызматкерлери машыгуу менен өзгөчө абал тартиби кирген маалда милдетин кантип аткарууну өздөштүрөт. Бул туурасында Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабынын маалымат кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, комплекстүү командалык-штабдын машыгуусу эртең, 9-декабрда, Кой-Таштагы № 73809 «Ала-Тоо» аскер бөлүгүндө өтмөкчү.

«Аскер кызматкерлери машыгуунун жардамы менен өзгөчө абал тартиби киргенде милдетин кантип аткарууну жана ал кырдаалда өлкөнүн райондорунда киргизилген өзгөчө тартип орнотууну өздөштүрөт», — деп түшүндүрдү Генералдык штабдан.

Ошондой эле аскер кызматкерлердин кандай машыгарына Куралдуу күчтөрдүн жетекчиси менен Коопсуздук кеңешинин катчылыгы байкоо салып турары айтылды.

Эске салсак, жакынкы жылдары республикада эки ирет өзгөчө абал орнотулган. Бири COVID-19дан улам Бишкек менен бир нече облустарга, экинчиси октябрдагы саясий толкундоолордо борбор шаарга киргизилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости