www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Екатеринбургда 20 жаштагы кыргыз жараны каза болгонун 8-декабрда жергиликтүү тургундарга шилтеме берүү менен орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Кыргызстандык жарандын сөөгү 7-декабрь күнү кечинде Седов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн бет маңдайынан табылган. Алдын ала маалыматтар боюнча, жигит 16-кабаттын терезесинен кулап кеткен. Жалпыга маалымдоо каражаттары билдиргендей, маркум 2019-жылы Екатеринбургга жумушка келген. Седов көчөсүндө анын улуу агасы жашачу.

“Жансыз дененин табылышына бир нече саат калганда маркум туугандарына жана чек аранын жабыктыгынан улам көпкө чейин көрө албай жүргөн сүйүктүүсүнө сүйөөрүн билдирген смс билдирүү жөнөткөн”, – деп жазат басылмалар. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости