www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек мэриясында кадрлык алмашуулар болду

Бишкек шаарынын мэриясында кадрлар алмашты. Алар сынак менен алынганын мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев билдирди.

-Абдес Анарбеков Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси кызматына дайындалды. Ал буга чейин аппарат жетекчисинин милдетин убактылуу аткарып келген.

-Мырза-Айым Камчибекова Бишкек мэриясынын борбордук аппаратынын юридикалык бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.

-Асхат Осмонов мэрдин милдетин аткаруучунун кеңешчиси;

-«Бишкек санитардык полигон» муниципалдык ишканасынын башчысы Нурлан Наматов, анын орун басары болуп Тынчтык Медербеков дайындалды.

-«Бишкекнаабайкана» муниципалдык ишканасын Адилет Курпердиев жетектейт.

-Жер ресурстар башкармалыгынын башчысынын милдети убактылуу Бакай Турдугуловго жүктөлөт. Ал ушул эле башкармалыктын юридикалык бөлүмүнүн башысы болуп иштеп келген.

-Жер ресурстар башкармалыгынын мурдагы башчысы Азамат Сагындык уулу эми калаанын жер саясаты, курулуш жана архитектура боюнча вице-мэри кызматын аркалайт.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости