www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Конституциялык кеңешмеде этникалык кыргыздар үчүн КР жарандыгын алууну жөнөкөйлөштүрүү сунушталууда. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында Конституциялык кеңешменин «Адам жана жарандын укуктары жана эркиндиктери» секциясынын жетекчиси Нурлан Шерипов билдирди.
Анын айтымында, Конституциялык кеңешмеге жарандар эң көп социалдык маселелер боюнча кайрылууда.
«КР жарандыгы жок этникалык кыргыздар үчүн өлкөдө билим алууда, ооруканага кайрылууда жана жумушка орношууда кыйынчылыктар болууда. Мындан улам аларга Кыргызстандын жарандыгын берүү тартибине өзгөртүү киргизип, аны жөнөкөйлөштүрүү сунушталууда», - дейт ал.
Буга кошо Шерипов ЖМКлардын ишмердүүлүгүн, сөз эркиндигин чектеген мыйзамдар Кыргызстанда кабыл алынбайт деген укуктук ченем сунушталганын белгилейт.
Булак: NazarNews.kg