www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 26-майда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында майыптыгы бар жарандардын шайлоо укуктарын толук кандуу ишке ашыруу үчүн жеткиликтүү шарттарды түзүү маселелерине арналган кеңешме өткөрүлдү.
КР БШКнын майыптыгы бар жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу боюнча Жумушчу тобунун жетекчиси А. Жумалиева, мыйзам талаптарына ылайык, шайлоо участкаларында зарыл шарттарды түзүү, маалыматтык материалдардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу жана инклюзивдүү чөйрөнү өнүктүрүү багытында жүргүзүлүп жаткан системалуу иштер боюнча маалымат берди.
Жумушчу топтун ишине Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын (УТРК), ЭЛТР мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын жана майыптыгы бар адамдардын укуктарын коргоо жаатында иш алып барган “Эгль” уюмунун өкүлдөрү катышты.
Кеңешмеде майыптыгы бар жарандардын шайлоо процессинин жүрүшү боюнча кабарландыруу, талапкерлер жана алардын программалары менен тааныштыруу, мамлекеттик телеканалдардагы дебаттарда, кайрылууларда укма-көрмө форматта (санариптик алып жүрүүчүдө), өзгөчө жаңсоо тилин (сурдокотормо) колдонуу сыяктуу орчундуу маселелер талкууланды.
Жыйындын соңунда КР БШКнын Жумушчу тобу менен мамлекеттик телеканалдардын өкүлдөрү майыптыгы бар жарандарга маалыматтык колдоо көрсөтүү жана шайлоого катышуунун активдүүлүгүн жогорулатуу максатында биргелешип иш алып барууну макулдашты.