www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 9-апрелинде Министрликте Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри К.Л. Сагынбаевдин Кыргыз Республикасындагы Япониянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Рюити Хирано мырза менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өз ара урматтоо, ишеним жана өнөктөштүк принциптерине негизделген кыргыз-япон мамилелеринин ырааттуу өнүгүп жатканын белгилешти. Министр Элчини Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, эки тараптуу кызматташтык мындан ары дагы бекемделерине ишенимин билдирди.

Айрыкча мыйзамдуу эмгек миграциясы чөйрөсүндөгү кызматташтык маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Бул контекстте Кыргыз Республикасынын жарандарынын Япониянын чет өлкөлүк жумушчуларды тартуу программасына катышуусун кеңейтүүнүн келечеги, анын ичинде Specified Skilled Worker (SSW) механизминин алкагында талкууланды. Саламаттык сактоо, мейманкана кызматы, курулуш жана айыл чарба сыяктуу тармактарды камтуу менен жумушка орноштуруу багыттарын диверсификациялоого өз ара кызыкдарлык белгиленди.

Министр Элчиге Японияга боло турган иш сапары тууралуу маалымдап, анын алкагында Япониянын тиешелүү мамлекеттик органдары жана бизнес чөйрөлөрү менен сүйлөшүүлөр пландалып жатканын билдирди. Алдыдагы жолугушуулар практикалык өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүгө, институционалдык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана жаңы биргелешкен демилгелерди илгерилетүүгө өбөлгө түзөрү белгиленди.

Тараптар ошондой эле гуманитардык жана билим берүү байланыштарын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, Кыргыз Республикасынын жарандарынын жапон маданиятына, билим берүү системасына жана эмгек этикасына болгон жогорку кызыгуусун белгилешти.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар конструктивдүү диалогду улантууга жана Кыргыз Республикасы менен Япониянын ортосундагы көп багыттуу кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

  

Последние новости