www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КРнын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Канатбек Чыныбаев Азия өнүктүрүү банкынын (АБР) өкүлдөрү менен расмий жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын аймагындагы жер көчкү коркунучтарын азайтуу жана алдын алуу багытында ишке ашырылып жаткан долбоордун аткарылышын талкуулашты. Өзгөчө көңүл долбоорду белгиленген мөөнөттө жана сапаттуу ишке ашыруу маселесине бурулду.

Мындан тышкары, жолугушууда келечекте жүзөгө ашырылуучу биргелешкен долбоорлордун артыкчылыктуу багыттары, өзгөчө кырдаалдардын тобокелдиктерин төмөндөтүү, инфраструктураны чыңдоо жана калкты коргоо жаатындагы эки тараптуу кызматташуунун негизги багыттары каралды.

Өз кезегинде министрдин орун басары бул демилгелер өзгөчө кырдаалдардын алдын алууда жана табигый кырсыктардын кесепеттерин азайтууда маанилүү роль ойной турганын айтып, кызматташууну мындан ары да активдүү улантууга кызыкдарлыгын билдирди. Ошондой эле долбоорду натыйжалуу ишке ашыруу боюнча бардык зарыл чаралар көрүлөрүн кошумчалады.

Последние новости