www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 20-22-декабрда Россия Федерациясына болгон иш сапары аяктады.
Сапардын биринчи күнү Мамлекет башчысынын учагы Санкт-Петербург шаарынын "Пулково" эл аралык аэропортуна конду.
Эртеси күнү Кыргызстандын лидери Садыр Жапаров менен Россиянын лидери Владимир Путиндин сүйлөшүүлөрү болду.
Мамлекет башчылары эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулап, кыргыз-орус стратегиялык өнөктөштүгү жана союздаштыгы жогорку деңгээлине жеткенине канааттануу билдиришти.
Андан соң Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин тар жана кеңейтилген курамдагы жыйыны болуп өттү.
Президент Садыр Жапаров Бирликтин экономикалык туруктуулугун, ички рыноктун чыңдалышын жана кооперациялык байланыштардын өнүгүүсүн айтып, тоскоолдуктар жана чыгымдар канчалык аз болсо, Бирлик ошончолук туруктуу жана анын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү жогору болорун баса белгиледи.
Жыйындын соңунда Л.Н. Толстой атындагы Эл аралык тынчтык сыйлыгын тапшыруу аземи болуп өттү.
Бул жылы анын лауреаттары Садыр Жапаров, Эмомали Рахмон жана Шавкат Мирзиёев болушту. Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын лидерлери сыйлыкка Борбордук Азия аймагында тынчтыкты жана коопсуздукту чыңдоого кошкон зор жеке салымдары үчүн татыктуу болушту.
Кийинки күнү Мамлекеттик Эрмитажда КМШ өлкөлөрүнүн лидерлеринин бейформал жолугушуусу өттү.
Мамлекет башчылары КМШ органдарынын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарып, 2026-жылга карата артыкчылыктуу багыттарды аныкташты.
Россияга болгон иш сапарын аяктаган соң, Президент Садыр Жапаров 22-декабрда Бишкек шаарына кайтты.