www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутаттар тышкы иштер министри кызматына сунушталган Жээнбек Кулубаевдин талапкерлигин карады.
Жыйында депутат Мирлан Самыйкожо тышкы саясий ведомствосунун башчылыгына талапкерлиги көрсөтүлгөн Жээнбек Кулубаевден Түркия Тажикстанга “Байрактар” сокку уруучу учкучсуз учактарын жөнөттү деген маалыматтын канчалык деңгээлде чындыгы бар экендигине кызыкты.
Кулубаев бул тууралуу маалымат алып, элчилик жана башка органдарга тапшырма берилгенин айтты.
“Азыр тактап жатабыз. Буга чейин Түркия тарапка “Байрактарды” биздин кошуналарга сатууда этият болууну билдирип, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы көйгөй чечиле электигин айтканбыз. Бирок, алар бул бизнес экенине токтолуп, аскердик-техникалык кызматташтык өсө берерин айтууда. Толук маалымат алгандан кийин сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз”, - деди ал.
Эл өкүлү Тажикстан “Байрактарды” сатып алганынын чын-жалганын сураганда, Кулубаев “чын” деп жооп узатты.
Эскерте кетсек, 2021-жылдын 18-декабрында Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын куралдануусуна “Байрактар” учкучсуз учуучу аппараттары келип түшкөн.
Булак: NazarNews.kg