www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 16-сентябрда КР Тышкы иштер министрлигинде тажик тараптын мыйзамсыз жана деструктивдүү аракетине байланыштуу нааразычылык нотасы тапшырылды. Бул тууралуу КР ТИМинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кыргызстан мурда жетишилген бардык макулдашууларды бузуу менен тажик тарап Кыргызстандын чек арасына аскерлерин алдын ала жайгаштырып, куралдуу күчтөрдү, оор аскердик техниканы колдонуу менен чек аранын бардык периметри боюнча Кыргызстандын Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында жайгашкан чек ара жана жарандык объектилерге чыккынчылык менен кол салганын белгиледи.

"Кыргыз тарап жетишилген бардык макулдашууларды так аткарууну, ок атышууну жана аскер бөлүктөрүн чыгарууну, ошондой эле чек ара аймактарында кырдаалдын курчушуна алып келе турган кырдаалды түзбөөнү талап кылды жана чек ара саясий жана дипломатиялык жол менен гана чечилиши керек дагы бир жолу баса белгиледи", - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости