www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КР ТИМинин Коллегиясынын кезектеги жыйыны өттү

2025-жылдын 29-декабрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин төрагалыгы алдында тышкы саясат ведомствосунун Коллегиясынын кезектеги жыйыны өттү.

Жыйындын жүрүшүндө Кыргызстандын 2025-жылы Жамааттык коопсуздук келишим уюмунда (ЖККУ) төрагалык кылуусунун жыйынтыктары чыгарылып, Уюмдун алкагында көп тараптуу кызматташууну мындан ары бекемдөө маселелери каралды.

Ошондой эле Коллегиянын мүчөлөрү "Кыргыз Республикасында миграциялык процесстерди оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө" КР Президентинин 2024-жылдын 19-сентябрындагы № 268 Жарлыгынын аткарылышынын жүрүшүн талкуулашты. Мыйзамдардагы негизги жаңылануулар, ошондой эле миграциялык агымдарды иретке келтирүү, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын өлкөдө жүрүүсүн легалдаштыруу боюнча практикалык кадамдар тууралуу маалымат берилди.

Жыйынтыгында Министр Ж.Кулубаев регионалдык уюмдардын алкагында өлкөнүн тышкы саясий ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга жана мамлекеттин улуттук кызыкчылыктарына ылайык миграциялык процесстерди мындан ары өркүндөтүүгө багытталган бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди.

Последние новости