www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Каракол шаарындагы К. Мендегул уулу атындагы №7 орто мектебинде окуучуларга карата системалуу зомбулук фактылары боюнча ата-энелер комитетинин өкүлү Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары — КР УКМКнын төрагасы, генерал-полковник Камчыбек Ташиевге кайрылган арыздын негизинде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети текшерүү иштерин жүргүздү.
Иликтөөнүн жыйынтыгында жашы жете электер арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан иштер жетиштүү деңгээлде жүргүзүлбөгөнү, ошондой эле жаш муундарды адеп-ахлактык жана руханий тарбиялоо боюнча коюлган милдеттер толук аткарылбай жатканы аныкталды.
Аталган кемчиликтерди жоюу боюнча кабыл алынган чаралардын алкагында Каракол шаардык мэриясынын билим берүү бөлүмүнүн башчысы жана шаардык ички иштер бөлүмүнүн өспүрүмдөр менен иштөө боюнча инспектору ээлеген кызматтарынан бошотулду.
Мындан тышкары, бир катар жетекчи жана жооптуу кызматкерлерге тартиптик жазалар колдонулду. Аларга сөгүш жана катуу сөгүш берилди.
Ошондой эле ИИМдин тиешелүү нускамасына ылайык, К. Мендегул уулу атындагы №7 орто мектептин жана Ж. Баласагын атындагы колледждин айрым окуучулары жана студенттери ички иштер органдарынын атайын каттоосуна алынды.
Ушундай эле укук бузуулардын алдын алуу максатында Билим берүү министрлигине, Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө, Каракол мэриясына жана укук коргоо органдарына комплекстүү алдын алуу чараларын күчөтүү, ошондой эле 2022–2028-жылдарга карата кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча мамлекеттик саясаттын концепциясын ишке ашыруу боюнча тапшырмалар берилди.
Учурда тергөө иштери уланууда.