www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаев парламенттин жыйынында эмне үчүн ар жылы мектептерде окуу китептери алмашып жатканын айтып берди.
Депутат Чыңгыз Ажибаев ага көптөгөн ата-энелер бул жылы сатып алган китептери кийинки жылга жарабай калганын көп айтып кайрылышканын билдирди. Депутат эмне үчүн мындай болуп жатканына кызыкты.
"Биз жаңы мамлекеттик билим берүү стандартын кабыл алдык. 47 предметтик стандарттар кабыл алынды. Мамлекет тарабынан берилүүчү предметтердин тизмеси июнь айында эле илинген. Бул тизмеде кайсы класстар кандай сабактар боюнча окуша турганы жазылган.
Биз жаңы китептерди 1, 2, 5 жана 7-класстар үчүн чыгарып жатабыз. Бул китептердин бардыгы бекер берилет. Бул китептер дагы 10 жылсыз алмашпайт. Ооба, буга чейин туруксуз китеп саясаты болуп келген. Анда донорлордун каалоосу менен дагы эсептешүүгө туура келчү, анткени каржылоо донорлор тарабынан жүргүзүлөр эле.
Кыргызстанда биринчи жолу окуу китептери мамлекеттик бюджеттин эсебинен чыгарылууда. Ооба, график боюнча кичине жетишпей жатабыз, бирок китептер ар күнү чыгып жатат. Учурда нускасы 3 млн экземплярды түзөт. Орус тили боюнча окуу китептери эки өлкөнүн авторлору тарабынан иштелип чыккан жана жакын арада республикага орус тили боюнча 600 миңден ашык китеп келет", - деди ал.