www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КРде балдардын 25 пайызы гана бала бакчага барат

Былтыркы жылдын жыйынтыгы менен алганда Кыргызстанда мектеп курагына чейин балдардын 25 пайызы гана бала бакчага барат. Буга андагы орундардын жетишсиздиги себепкер экенин Улуттук статистика комитети маалымдады.

Белгилүү болгондой, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине болгон муктаждык жыл өткөн сайын өсүүдө.

"2019-жылы мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде 100 орунга Бишкек шаарында 177, Ош шаарында 161 жана Ысык-Көл облусунда 131 бала туура келген", — деп айтылат билдирүүдө.

Ушундай эле көрүнүш Талас жана Нарын облусунда байкалды. Тагыраагы, Таласта 100 орунга балдар 2,2 эсеге, Нарында 1,7 эсеге көп.

Комитеттин маалыматына караганда, акыркы беш жылдын ичинде бала бакчалардын саны 36 пайызга өсүп, былтыр 1,6 миңге жеткен. Аларда жалпысынан 208 миң бала тарбияланган.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 2-6 жаштагы балдардын саны 800 миңдин тегерегинде.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости