www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кремл азыркы геосаясий кырдаалды 1962-жылдагы Кариб кризисине салыштырып, дүйнө азыр ядролук согушка ал убактагыдан да жакын деген пикир менен макул эмес. Бул тууралуу Россия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.
«Биз мындай жыйынтыкка келмек эмеспиз», — деди ал, президент Владимир Путиндин ядролук сыноолорду даярдоого киришүү мүмкүнчүлүгүн изилдөө боюнча тапшырмасына жана жакында болгон «Буревестник» ракетасы менен «Посейдон» аппараттарынын ийгиликтүү сыноолоруна комментарий берип жатып.
Кеңешме Россия Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрү катышкан жыйында өткөн. Алгач транспорттук коопсуздук маселелерине жана өкмөттүк делегациянын Кытайга сапарынын жыйынтыгына арналганы менен, Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин күн тартибинен тышкары сүйлөп, АКШ президенти Дональд Трамптын ядролук курал сыноолорун жандандыруу пландары боюнча билдирүүсүнө көңүл бурду.
Володин депутаттар бул абалга тынчсыздануу менен карап жатканын белгиледи. Президент Путин бул маселени «абдан олуттуу» деп атап, коргоо министри Андрей Белоусовго, Башкы штаб башчысы Валерий Герасимовго, тышкы чалгын кызматынын жетекчиси Сергей Нарышкинге, Коопсуздук кеңешинин катчысы Сергей Шойгуга жана ФСБ башчысы Александр Бортниковго пикир билдирүүнү тапшырды.
Талкуунун жыйынтыгында Путин ТИМге, Коргоо министрлигине жана атайын кызматтарга ядролук сыноолорду баштоого даярдыктын мүмкүнчүлүктөрүн талдап чыгуу боюнча сунуш киргизүүнү буйруду.
«Буревестник» жана «Посейдон»: Россиянын жаңы куралдары
26-октябрда Путин ядролук кыймылдаткычы бар чексиз учуу аралыгынын крылат ракетасы — «Буревестниктин» чечүүчү сыноолору ийгиликтүү аяктаганын билдирген. Анын айтымында, ракета аскердик кезекке коюлмайынча дагы бир топ иштер жасалат, бирок негизги тапшырмалар аткарылган.
Башкы штабдын жетекчиси Валерий Герасимов ракета 15 саат абада болуп, 14 миң чакырым аралыкты басып өткөнүн маалымдаган.
Ал эми «Посейдон» — ядролук кыймылдаткычы бар экипажсыз суу алдындагы аппарат. Путин буга чейин анын ийгиликтүү сыноолорун тастыктап, бул аппарат «Сармат» межконтиненталдык ракетасынан да күчтүү экенин жана азыркы учурда аны тосуп калуу ыкмасы жоктугун белгилеген.