www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

1947-жылы Иосиф Сталин ак түстөгү Кремлди кызылга боёго буйрук бергенби?

Азыр биз көрүп жүргөн Кремль XV кылымдын аягында италиялык куруучулардын проекттисинин негизинде бышкан кыш менен салынган.

Ошол убакытта Кремлдин негизги миссиясы — коргоонуу болгон. Ошол себептен боёго эч ким батынган эмес. Анткени, кайсы бир түскө сырдаганда душман көзүнө илинип, залакасы тийиши толук мүмкүн эле. 

Кремлди XVII — XVIII кылымдарда өзүнүн фортификациялык күчүн жоготкондо гана боёну чечишет. Москвадагы кремлден тышкары Ростов, Казань, Зарайсктагы чептерди да боёго өтүшкөн. Эмнеге боёшот? — Анткени мода болчу. Бирок, бул жерде Кремль ар дайыма эле ак түстө болгон деп айтуу кыйын, себеби ар кандай маараке, майрамдарда анын түсүн майрамдык маанайга карата да өзгөртүп турушкан.

Москва чебин акыркы жолу 1880-жылдары толугу менен сырдап чыгышкан. Эмне үчүн бул сырдоо салтын бир нече кылым өтсө дагы токтотуп салышкан?

«Кызыл бийликке — кызыл чеп», - мына ушул негиз менен ал ушул күнгө чейин, тактап айтканда 1947-жылдан тарта кызыл түстө, баштапкы көрүнүшүндө сакталып келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости