www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Грузияда антиорусиялык провокациялардын коркунучу сакталууда, деп билдирди РФ президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков 10-мартта өлкөдө чет элдик агенттер жөнүндөгү мыйзамга каршы массалык нааразылык акцияларына комментарий берип жатып.

«Албетте провокация коркунучу бар. Бул элдик толкундоолорго түрткү болгон жагдайдын Орусия Федерациясына эч кандай тиешеси жок экенин билебиз», - деп белгиледи ал, массалык акцияларды улантуу жана россиялык желектерди өрттөө жөнүндө айтып жатып.

Ал белгилегендей, Грузиядагы элдик толкундоонун Орусияга эч кандай тиешеси жок, өлкөнүн тургундары чет элдик агенттер жөнүндөгү америкалык мыйзамга окшош мыйзамдын кабыл алынышына каршы чыгышкан.

"Кеп грузин бийлиги америкалык мыйзамга окшош мыйзамды кабыл алууну демилгелегени жөнүндө болду", - деди Кремлдин басма сөз катчысы.

Ал Орусия Грузиянын ички иштерине кийлигишпей турганын баса белгиледи. Песков ошондой эле грузин бийлиги мыйзам долбоорун талкуудан алып салганын, бирок ошол эле учурда нааразылык акцияларына Орусияга каршы элементтерди кошууга аракет кылып жатканын да эске салды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости