www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кремль Орусиянын Украинага кибер чабуулдарга тиешеси жок экенин билдирди. Ошондой эле чек ара аймактарынан орус аскерлери чыгарылбай жатканы тууралуу маалымат туура эмес экени да айтылды.

Эске салсак, Украинанын Коргоо министрлигинин, Украинанын куралдуу күчтөрүнүн сайттары, Приватбанк менен Ошадбанктын интернет-банкинг системалары хакердик чабуулга кабылганын айтып, Украинанын стратегиялык байланыш борборунан жасалган билдирүүдө кол салуунун артында Орусиянын болушу мүмкүн деген божомол билдирүү тараткан.

Бирок Кремль бул айыптоолорду бүгүн четке кагып, Орусиянын Украинага кибер чабуулдарына кызыкдар эмес экенин айтты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости