www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 26-мартында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын эл артисти, көрүнүктүү театр жана кино актёру Абдыкалык Акматовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Коштошуу аземи Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры имаратында уюштурулуп, ага мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, маданият өкүлдөрү, кесиптештери, достору жана жакындары катышты.

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев сөз сүйлөп, маркумдун кыргыз маданиятына кошкон зор салымын өзгөчө белгиледи. Андан соң Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев мамлекет башчысынын атынан көңүл айтты.

Маркумдун замандаштарынын атынан Табылды Актанов, кино тармагындагы кесиптештеринин атынан Артыкпай Сүйүндүков, досторунун атынан Темирлан Сманбеков, жердештери чыгып сүйлөп, Абдыкалык Акматовдун адамдык бийик сапаттарын жана чыгармачылык мурасын айтып өтүштү.

Белгилүү болгондой, Абдыкалык Акматов 2026-жылдын 25-мартында 71 жаш курагында оорудан улам дүйнөдөн кайткан. Ал 1955-жылы Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Ак-Булак айылында туулган. Эмгек жолун 1975-жылы Ош облустук С. Ибраимов атындагы драма театрында жарык берүүчү болуп баштап, 1978-жылы Москва шаарындагы Бүткүл союздук кинематография институтунун актердук факультетин аяктап, киноактёр адистигине ээ болгон.

Чыгармачылык жолунда ал өмүрүн толугу менен театр жана кино искусствосуна арнады. Кыргызфильм, Мосфильм жана башка эл аралык студиялар менен кызматташып, “Ак илбирстин тукуму”, “Кайчылаш жолдор”, “Кербез”, “Көчмөндөр”, “Чынгызхандын ак булуту” сыяктуу тасмаларда терең мазмундуу образдарды жараткан. Театр сахнасында да “Манастын уулу Семетей”, “Коркут ата”, “Томирис” сыяктуу спектаклдерде роль аткарган.

Последние новости