www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 18-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2020-жылдын 20-мартындагы №171 буйругуна өзгөртүүлөр киргизилген. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жогорудагы өзгөртүүлөргө ылайык, социалдык блок боюнча вице-премьер-министр Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирустук инфекциянын жайылышына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча ыкчам штабдын төрагасы болуп саналат.
Эльвира Сурабалдиева учурда социалдык тармакты караган вице-премьер.
Буйрукка ылайык, ыкчам штабдын төрагасынын орун басары болуп Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри эсептелет.
2020-жылдын 2-ноябрындагы № 544 тийиштүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Садыр Жапаров тарабынан кол коюлган.
Булак: NazarNews.kg