www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Моквадагы "Крокус сити холл" концерттик залындагы терактыда жабыркагандардын арасында Кыргызстандын эки жараны болушу мүмкүн, маалымат такталууда. Бул тууралуу өлкөнүн Москва шаарындагы элчилиги билдирди.

"Учурда элчилик тарабынан каргашалуу окуя болгон жерде жабыркаган Кыргызстандын жарандары тууралуу маалыматты тактоо жана издөө иштери жүрүп жатат. Эки жаран жабыркагандыгы тууралуу маалымат такталууда. Окуя болгон жерде консулдук кызматкерлер иштеп жатат", — деп айтылат маалыматта.

Жума күнү, 22-мартта, аталган концерттик залда ок атылып, өрт чыкты. Алдын ала маалымат боюнча, кеминде камуфляжчан үч адам ок чыгарган. ФСБ алдын ала маалымат боюнча, 40 адам каза таап, 100дөн ашык адам жабыркаганын билдирди. Ал эми Россиянын ТИМи окуяны теракт деп атап, Тергөө комитети кылмыш ишин козгоду. Имаратта өрт күч алгандыктан аны өчүрүүгө тик учактар тартылган. Жабыркагандар ооруканага жеткирилүүдө, алардын төртөө оор абалда экени айтылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости