www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Крокустагы" террорчулардын Украина менен байланышы болгону тууралуу далилдер алынды. Бул тууралуу Россиянын Тергөө комитети Telegram каналында билдирди.

Далилдер кармалгандар менен иштөөнүн, алардын гаджеттерин изилдөөнүн жана финансылык операциялар тууралуу маалыматтарды талдоонун натыйжасында алынганы айтылат. Террорчулукту каржылоо схемасына тиешеси бар деп дагы бир шектүү аныкталып, кармалды.

Комитет терактынын аткаруучуларына Украинадан көп суммадагы акча жана криптавалюта келип түшкөндүгү тууралуу тастыкталган маалыматтар бар экенин белгиледи.

Буга чейин Бортников Украинанын атайын кызматтары терактыга көмөктөшкөнүн, бирок аны радикалдык маанайдагы исламчылар даярдаганын айткан. Ал терактынын артында АКШ, Британия жана Украина турушу мүмкүндүгүн белгилеген. Атайын кызматтын директору буюртма бергендер аныктала электигин, бирок кол салууну уюштургандар жана аткаруучуларды азгыргандар белгилүү болуп турганын билдирген. Ал теракт Батыштын атайын кызматтары менен Украинага Россиядагы кырдаалды курчутуп, коомчулукту дүрбөлөңгө салуу үчүн керек болгонун түшүндүргөн. Бортников кылмышкерлерди коңшу мамлекеттин аймагында "баатырлардай" тосуп алууга камынышканын да айткан.

Соңку маалыматтар боюнча 22-мартта болгон "Крокустагы" терактыдан 143 адам көз жумган. Россиянын Тергөө комитетинин маалыматына караганда, бүгүн 84 сөөктүн кимге тиешелүү экендиги аныкталган. Булардын ичинде курагы 9дан 16га чейинки беш бала бар экени маалым болду.

Ал эми шектүүлөр 23-мартта Брянск облусуна жакын жерден кармалган. Москванын Басман соту аларды 22-майга чейин камакта калтырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости