www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын машыктыруучу курамы кызматтан кетти. Бул тууралуу Күрөш федерациясы расмий билдирди.

Маалыматка ылайык, башкы машыктыруучу Уран Жузуп уулу (Калилов) жана анын штабындагы жардамчы машыктыруучулар — Азат Бейшебеков менен Атай Замирбеков — өз каалоосу менен кызматтан кеткен.

Машыктыруучулардын отставкасы команданын акыркы жыйынтыктарына байланыштуу болгону айтылууда. Эске салсак, Кыргызстандын балбандары жакында өткөн Дүйнө чемпионатында бир гана коло медаль утуп алышкан. Бул көрсөткүч айрым күйөрмандар тарабынан сынга алынып, социалдык тармактарда нааразы пикирлер айтылган.

Последние новости