www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Күрөш федерациясынын вице-президенти Ахрор Иминовдун камактагы мөөнөтү узартылды. Бул жөнүндө 24.kg агенттигине Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, соттун 1-апрелдеги токтому менен УКМК тергөөчүсүнүн өтүнүчү канааттандырылды. Ахрор Иминовдун абактагы мөөнөтү 4-июнга чейин узартылды. Иш боюнча тергөө иштери уланууда.

Ахрор Иминов Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүн каржылоого шектелүүдө. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси «уюшкан топту түзүү же ага катышуу» боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган.

Ноябрдын ортосунда ал тергөө абагынан эч жакка чыкпоо жөнүндө тил каты менен бошотулуп, бирок кайра кармалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости