www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын терроризмге каршы улуттук комитети Крым көпүрөсүнө суу үстүндө жүрүүчү эки учкучсуз аппараттар тарабынан чабуул жасалганын билдирди. Ал эми Тергөө комитетинин Башкы башкармалыгы Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (террордук акт) боюнча кылмыш ишин козгоду. Кол салууга Украинанын атайын кызматтары айыпталууда.

«Саат 03:05те Украинанын эки учкучсуз аппараты Крым көпүрөсүнө кол салды. Жасалган теракттын натыйжасында Крым көпүрөсүнүн жол бөлүгү бузулган», — деп айтылат Терроризмге каршы улуттук комитеттин билдирүүсүндө.

17-июлга караган түнү Крым көпүрөсүнө чабуул жасалганы кабарланган. Кийинчерээк окуянын кесепетинен Белгород облусунан келген жубайлар каза болуп, кызы орто деңгээлдеги жаракат алып, реанимацияда жатканы белгилүү болду.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости