www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаттары Асел Кодуранова жана Ирина Карамушкина Ички иштер министрлигине (ИИМ) бүгүн, 16-сентябрга суракка чакырылды.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева ИИМге андан тышкары өзү жана «Ачык саясат плюс» гезитинин редактору Назгүл Мамытова, партиянын активисти Роза Турксевер да чакырылганын кабарлады.

Анын маалыматына караганда Кодуранова менен Карамушкина саат 14:00 жана 15:00гө чакырылды. Ал эми Мамытова менен Турксевер суракка кирип кетишти. Өзү болсо 18:00гө барат.

Аты аталгандардын ичинен Ирина Карамушкинадан башкасынын баары 7-8-август күндөрү Кой-Таш айылында болгон тополоңго байлыныштуу күбө катары өтүп жатышат. Алар ИИМге буга чейин да бир нече жолу сурак берип чыгышкан.

Депутат Карамушкинага 22-августта Жазык кодексинин 244-беренеси («Барымтага алуу») жана 43-беренеси («Кылмышка катышуу») боюнча айып коюлган.

Кой-Таш айылында 7-8-август күндөрү Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында «Альфанын» алты жоокери барымтага алынып, бир офицери каза тапкан жана жалпысынан 136 адам жаракат алган. Башкы прокуратура камакка алынган Атамбаев бир катар оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча шек саналып жатканын билдирген. Учурда ал УКМКнын тергөө абагында кармалууда.

Последние новости