www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
КТРКанын жетечилигине 22 адам ат салышып, үчөөнүн документи кайра кайтарылып, учурда 19 талапкердин кресло талашы күч алып турган кез. Бул кызмат ушунчалык майкөл- сүткөл белем, болбосо мынчалык көп талапкер бул жетекчилик кызматка ат салышып чыкпайт эле. Ооба, азыр бардык адамдар акчалуу кызматка көз артып калганы да чын. Минтип айтып жатканыбыздын бир себеби, алып көнгөн бул заманда пайда жагын гана ойлоп, канчалаган убадалар жетим калып максатына жетпей орто жолдо калды. Айткандай азыртан эле “Мен жетекчи болсом, жыргатып жиберем” деп, сүйгөн кызына убада берген жигиттей, убадага март болуп чыга келгендер да жок эмес.
Бул кызматтын орду канча турат аны эч ким билбейт, балким алдына ала берчүүнү бере салгандар да бар чыгар, аны ачык айтып да болбойт. Минтип айтып жатканыбыздын бир себеби, керек болсо бала бакчага баланы берүү үчүн дагы акча талап кылынып калганы, ушундай жаман ойду ойлогонго түрткү берип жатканын да эске алыш керек. Эмне болсо дагы бул акчалуу кызматка колунан иш келген бирөө жарым келсе экен, болбосо КТРКанын баркы кетип калышы да толук мүмкүн.
Бердикожо Бийназаров,
NazarNews.kg