www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мэрдин машинеси кетип калдыбы, ыя?

Бул жаңы келген ар бир мэр калп эле байкуш болуп коомдук автотранспортко түшүп алып, элдер менен баарлашып, упай топтоо аракетин кылып жаткандай сезилет. Болбосо, азыркы мэр Азиз Суракматовдун колунан деле эч нерсе келбегендей көрүнөт.

"Коопсуз шаар" долбоору ушул мэрдин тушунда орнотулуп калбаса, башка эч кандай деле демилге ал тараптан көтөрүлгөнү жок. Болбосо борбордо канча деген финансылар жатат. Эки килейген автобекет бар. Төрт чоң базар бар. Майда дүкөндөрдү албаганда, канча деген соода түйүндөрү бар. Мына ошол акчалар кайда кетип жатат? Метро куралбагандан кийин, элден эмне талап кыласыңар...Жабылып калган ишканалар тигүү цехине айланып кеткенин билбейт дейсиңерби. Мына ошолордун баардыгын текшерүү керек. Кокус дагы өрт чыгып кете турган болсо, дагы баягы эле электр зымдарын эскилиги жеткен дебей, азыртан текшерүүгө алуу керек.

Интернетте Азиз Суракматов автобуска түшө калса эле, элдерге күн азыр чыгып кетчүдөй көрүндүбү, бирок, анын иши алдыга жылат го деген үмүттө калдык. Ошентип элдин азабын тартып ылайым эле автобустарда жүрө бергенибиз кабыл болсун урматтуу мэр...

Жазгүл Урмамбетова,

NazarNews.kg

 

 

Последние новости