www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сулуу эже, сизди дале күтүп жүрөм

 Жакшы адамдардын карааны эле адамга канча дем берет. Минтип айткан сөздүн мааниси тереңде. Бул жалган жашоодо күн -түнү менен, ак-карасы, жаман-жакшысы менен кызык экенине турмуш өзү күбө. Кээ бир оюу жаман адамдарга жолуккандан качсаң, жакшы адамдарды жолуктура албай издеп, убара болгон бул да жашоонун бир сыры экенин жашыра албайбыз.

Кечээ жакшы тааныш эже ооруканага жатып калганынан абалын сурап кою үчүн барсам, эже ыйлап олтуруптур. Мен жаман болуп кеттим. Анткени эже майда-барат нерсеге ыйлабайт болучу. Абалын сурап, эмне болду-десем эже көзүндөгү жашты аарчып: -Билесиңби, Бердикожо, кээ бир жакшы адамдар, адамдык жакшы сапаты менен эле элге жарыгын тийгизип, жакшы элестерди, жакшы маанайды билгизбей аң сезимге жүктөп салат экен. Тиги төр жакта жаткан эжеге жашы жетимиш экидеги бир сулуу эже болгону үч жолу келди. Ал эже ушунчалык жакшы адам экенин ушундан улам билсек болот, палатада жаткан баарыбыздын көңүлүбүздү алып, жагымдуу мамилеси менен баарыбызга жагып калган. Ал эже келгенде палатага аны менен бирге шаңдуулук, жагымдуу аура кошо келчү. Орундуу сүйлөгөн сөздөрү, бизди тамаша сөз айтып күлдүргөнү, жасап келген тамактары, баскан турганы, деги өөнү жок дайыма жылмайып турган адаты, биздин азыр дагы көз алдыбызда. Мурдагы күнү жаныма келип олтурганда, колдорун кармасам ушунчалык муздак экен. Анан көзүнө тигилип карасам бир башкача сулуу болуп көрүнүп да кетти. Мен жан алым калбай тынчым кетип ал эжеден сурап калдым: -Эже, эмне мынча колуңуз муздап калган?-деп. Эжени жетимиш экиде деп эч ким ойлобойт. Өз жашынан абдан жаш көрүнүп, карылык айылына барып калганы менен жүзүнөн али сулуулуктун илеби кете элек, бой мүчөсү сына эле абдан ажарлуу эже болучу. Мен эжени “сулуу эже” деп атап алгам. Чындап эле сулуу жан болучу.

Балким жаш кезинде мындан дагы сулуу болсо керек. Чынында мен эженин келип калышын абдан күтүп, аны көргүм келип, тамаша сөзүн угуп аз болсо дагы пикир алышсам деп күтүп жатсам, жүрөгү кармап каза болуп калыптыр. Аны угуп алып апам каза болгондой жаман катуу капа болдум. Ооба, эже болгону үч гана жолу келип, бизге адамдык жакшы сапатын көргөзүп, маанилүү сөздөрүн айтып, жүрөгүбүздөн орун алып кетти. Эми мен ал эженин элесин өмүрүм өткөнчө унутпайм. Азыр дагы сырттан кирип келип жылмайып күлүп учурашчудай сезилип жатат. Андай жакшы адамдарды өлүмгө ыраа көрбөй кетет экенсиң. Кап, эженин минтип каза болуп каларын билгенде, аны кетирбей жок дегенде жарым саат болсо дагы кармап турбайт белем-деп, дагы көзүнө жаш алып ыйлап алды. Мени кызыктырган нерсе, ушундай дагы жакшы адамдар бар экенине анча таназар албаптырмын. Эже болгону үч гана жолу көрүп, бир тууганына капа болгон адамдай ыйлап жоктогону, арабыздан дагы бир жакшы адам узап кеткенин билгенибиз туура. Ал белгисиз жакшы эженин ыйманы саламат болсун. Көрсө бул жалганда ким канча жашайт аны билбей эле көр оокаттын айынан урушуп да калган жайыбыз бар. Андыктан бул беш күндүк өмүр сапарында катуу айтышпай, көңүл калтырбай, мезгилсиз өтүп кеткен эжедей болуп, бири-бирибизге жагымдуу эсте кала тургандай жакшы сапаттар менен көңүл көтөрүп жүрсөк деген гана ой.

“Жакшы адам менен бир саат пикир алышканың, бүтүндөй бир өмүрдү ичине камтыйт” деп айтылат эмеспи. Бир келген бул жашоодо, бирге жакшы нерселерге күбө болуп, жакшы сөздөрдүн айтылып калышына биз да салым кошолу деп сөзгө чекит коёлу.

Бердикожо Бийназаров,

NazarNews.kg

Последние новости