www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевди жана Мамкаттоонун мурдагы төрагасы Тайырбек Сарпашевди сотко берген жарандын арызы артка кайтарылды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотуна Айдар Халиков аттуу жаран 2019-жылдын 19-февралында колго жазылган арыз менен кайрылган. Анда ал көчүп келгендигине байланыштуу паспорттон "улуту" графасын алып салгандыгын мыйзамсыз деп табууну өтүнүп, ал үчүн экс-президент Атамбаевди жана мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы жетекчиси Тайырбек Сарпашевди сотко берип, моралдык зыянды 6 млн. сомго баалап, өндүрүп берүүнү сураган.

Аламүдүн райондук соту аталган арыз талаптарга ылайык келбей турганын, арызды жазууда анын формасы жана мазмуну сакталбаганын, арызга тийиштүү документтер, доогердин паспортунун көчүрмөсү, ырастоочу далилдер тиркелбегенин билдирген.

Белгилей кетсек, жарандык активист "улут" деген графаны паспорттон алып салуу боюнча нааразылыгрын билдирип, ал паспорттон баш тартып, сотко арыз менен кайрылган. Бирок ал биометрикалык паспорттун ичиндеги "чипке" жайгашканынан маалыматы жок болуп чыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости