www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шейшембиде Аргентинада жүздөгөн аял бойдон алдырууну мыйзамдаштырууну талап кылып, өлкө парламенти - Улуттук конгресстин имаратынын алдына демонстрацияга чыгышты.

Былтыр депутаттар абортту мыйзамдаштыруудан баш тартышкан. Түштүк Америкадагы бул мамлекетте бойдон алдыруу эненин саламаттыгына коркунуч жаралганда же зордуктоодон улам бойго бүтүп калганда гана уруксат берилет.

Анткен менен Саламаттык сактоо министрлиги жыл сайын Аргентинада 350 миңдей аял мыйзамсыз бойдон алдыра турганын билдирүүдө.

Ал эми аялдардын укуктарын коргоо менен алектенген уюмдар бул сан алда канча жогору экенин айтышып, көмүскөдө жасалган аборттон улам жүздөгөн келиндер көз жумуп жатышканын коңгуроо кагып жатышат.

Былтыр Аргентинада "Жашоо үчүн" кыймылынын активисттери абортко уруксат берүүгө каршы акция да уюштурушкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости