www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кубанын Тышкы иштер министри Бруно Родригес Паррилья АКШнын Кубага каршы мүмкүн болгон аскердик аракеттери “кан төгүүгө алып келет” деп билдирди.
Ал бул тууралуу БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынында сүйлөп жатып айтты.
Паррильянын айтымында, эгер мындай агрессия болсо, “өз өлкөсүн жана ыйык баалуулуктарын коргоп жатып миңдеген кубалыктар каза табышы мүмкүн”.
Ошондой эле ал мындай жаңжалда жаш америкалык аскерлер да курман болорун белгиледи.
“Алар эч кандай негиз же коргой турган идеал жок согушка империалисттик жана неофашисттик саясаттын айынан катышууга мажбур болушат”, — деди кубалык дипломат.