www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте кампа өрттөндү

28-май күнү кечинде Бишкектин М.Лущихин көчөсүндөгү кампада ири өрт чыкты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, өрттүн аянты болжол менен 900 чарчы метрди түздү. Кырсыктын кесепетинен жабыркагандар жок.

Өрт тууралуу маалымат саат 16:18де түшкөн. Жеринде 7 өрт өчүрүү бөлүмү иштеп, ал саат 20:06да толугу менен өчүрүлгөн.

Алдын ала маалыматтар боюнча, темир кампада картон кутулар, желим бөтөлкөлөр, ошондой эле жыгач жана желим поддондор күйгөн.

Өрттүн себептери такталууда.

Последние новости