www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жума күндөн бери Гаванадан 60 чакырым алыстыкта ​​жайгашкан Кубанын Матансас портунда мунай сактоочу жай өрттөнүп жатат. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, 25 миң куб метрге жакын мунай сакталган кампага чагылган тийип, чоң масштабдагы өрт башталган. Ири өрттөн улам өлкө эл аралык жардам сурады.

Ири өрттөн кеминде 121 киши жарадар болгону кабарланды. Алардын ичинен 36 адам ооруканага жаткырылды, бешөө оор абалда. Бир адам каза болуп, 17 өрт өчүрүүчү дайынсыз болууда. Аймактан 1000ден ашуун тургун эвакуацияланды.

Ошондой эле шамал дагы жалынды күчөтүп жатат. Буга байланыштуу Куба дос өлкөлөрдөн эл аралык жардам сурады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости