www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Журналист Кубан Мамбеталиевдин 2012-жылдын ноябрь айында маркум, кыргыздын чыгаан уулу, 42 жашында ууланып каза тапкан Сатыбалды Жээнбековдун 60 жылдыга арналган эскерүүсүн NazarNews маалымат агенттиги окурмандарыбызга жарыялайбыз.

Кыргызстандын тарыхынан бул инсан орчундуу орунду алды. 44 жашында каза болуп, сыйкырдуу өлүмүнүн сырларын өзү менен кошо алып кетти. Ошондо биз божомолдоп эле олтуруп калганбыз. Ошол түнү жанында кичинекей эки баласы чыркырап турушкан. 16 жыл өтгү. Самат деген уулу чоңоюп, бойго жетип, университетте окуп жүргөндө, автокырсыктын кесепетинен шум ажалга учурады. «Ай, ушу балам өтө добрый, баарына тең жакшылык каалайт, көз тийбесе экен» деп атасы тамашалап калганын эстейм. Кайрат деген кичүү баласын Сатыбалды көрбөй калды. Эми өзүнө окшоштугун айтпай эле койдум, тим эле союп каптап койгондой. Перзент катары калтырып кеткен турбайбы. Азыр бул уулу студент.

Ал эми Азат деген экинчи эркеги бутуна бекем турду. Москвадагы атактуу нефть-газ институтун ийлигиктүү бүтурүп, азыр Казакстандагы ийри фирмалардын биринде жогорку деңгээлдеги адис катары эмгектенип жатат. «Ушул сарым өтө тың, чыйрак, баарына чыдайт, накта эркек чыгат мындан» деп атасы баа берчү.

Бир кичинекей эпизодду айтып берейин. Жайдын бир күнүндө Сатыбалды экөөбүз эски аянтта сүйлөшүп турсак, бир тааныш үн чыкты. Карап калсак, тырмактай болгон арык бала «газеты не желаете» деп өткөн адамдарга шыпылдап сунуш кылып жатат. Азат экен. Бизди көрүп, уялып, артка кетпестен түз эле басып келди. «Ии, баягыны дагы башатадыңбы?» деп атасы бир тийди. Унчукпай кетип калабы (?) десем, ал бизди карап күлүп койду, анан «бекер турбай, менден эки гезит сатып алып, окуп турбайт белеңер, байкелеп» деп койсо болобу. «Бырс» дей түштүм. Сатыкем арданып кетти, «ой, атыңдын гана оозн урайын, жогол бу жерден!»  дегенде, Азат бир заматта алыстап кетип, «чао» деп колун көтөрүп койду.

«Ушуга мен сураган акчасын тартынбай эле берем, эмне жетпейт? Короодогу балдар нормальный болуп, ойноп эле жүрүшөт, бул чечектин кылганын кара» деп досум күбүрөп калды, бирок көзүнүн к-регинде баласынын мындай жоругуна сыймыктанганы көрүнүп турду. Мен болсо Чыңгыз Айтматовдун бир гезит саткан кичинекей япон баласы жөнүндөгү аңгемесин эсине салдым. Мен да балага сыймыктандым, «ушундай тентектерден келечекте мыкты жигиттер чыгат» деп Азатка болушуп койдум эле ошондо.

Мына, бүгүн эми ошол «газетчик Азат» атасынын 60 жылдык маарекесинин финансылык чыгымдарынын баарысын көтөрүп турат. Атанын астындагы милдет өтө ыйык болот эмеспи, анан бул милдетти баласынан башка ынандырлуу түрдө эч ким аткара алалбайт. Атанын арбагын уулу ыраазы кылат, сөөгүн агартат.

1995-жылы Аскар Акаев «экинчи мөөнөткө шайланам» деп турганда, Сатыбалды мага Жалал-Абаддан телефон чалып, «мага жердештер сунуш кылып, президенттик шайлоого талапкер болуп чык деп атышат» деди. «Эмне деп жооп бердиң, чыгасыңбы?» деп сурасам, «жок, чыкпайм, мени депутат катары шайлашкан, мандатымды кантип таштайын, беш жылдан кийин чыгам, эмки шайлоодо» деген жоопту кайтарды. «Эң туура чечим кылдың» деп акылына ыраазы болдум.

Дайыны жок эмоцияга берилбеген, кур намыска алдырбаган, эч нерседен тайманбаган, эч кимдин астында тизе бүкпөгөн накта жигит эле. Маркум Дооронбек Садырбаев «кара сартым» деп муну эркелетип, жанындай көрчү. Бу киши айтканга таарынбай, анан мен ал аксакалды туурап, бир жолу тамашага салып, «сен сарт экенсиң» деп койсом, чычалаганын айтпа. «Биз түштүк тарапта калпакты башыбыздан түшүрбөй, кыргыздын намысын төшүбүз менен коргоп жүрсөк, силердин айтканыңар ушубу, борбордо камырабай шляпа кийип жүрөсүңөр, анан бизди ушинтип чымчыйсыңар» деп.

Сатыбалды депутаттык жарышка чыгып, эл кыдырып жүргөндө, Дооронбек аке менен Сузак районуна чогуу баргам. Эми ошондо С.Жээнбековдун эл ичиндеги баркы тоодой болгонун өз көзүм менен көргөм. Миңдеген шайлоочулар жолугушууга келип, чыгаан уулун эл жандүйнөсү менен колдогонун сезгем. Анан «добуштарын азайтабыз» деген бийликтин арам аракеттери ташка кагылды. Сатыбалды Жогорку Кеңешке жаркырап кирип келди. Кыргыз демократиясынын чоң жетишкендиктердин бири болду. Ошол учурдагы эң курч маселелерди көтөрүп, кыргыздарды ыраазы кылды. Өлкөбүздүн накта лидерлеринин алдыңкы катарына чыгып, элдин көзүнө мамлекетти башкара турган талапкердей көрүнүп, такшала баштады. Келечектеги жарыштарда астыга эч кимди чыгарбай тур-ан тулпарга айланды. Аман болсо, 2005-жылы Акаевдин ордуна так ушул келмек.

Артында айтылган тунук сөздөр калды, жазылган жалындуу макалалары калды, өзү ырдаган ырлары тасмага жазылды. Алтындай болгон изи калды артында. «Атанын баласы турбайбы» деген бийик наамга татыктуу уулдары калды. Узөнгүлөш досторуна унутулгус элеси калды.

Иштеген кызматы менен даңкы чыккан инсандар болот. Алар өз учурунда мамлекеттин жүгүн көтөрүшөт. Эл буларды «эр жигиттер экен» деп баалайт. Эркин айтылган асыл сөзү менен бийликтин былыктарын чыгарган акылмандар болот. Алар өзүнүн доорунда улутунун намысын коргошот. Эл буларды «даанышман экен» деп даңктайт. Сатыбалды Жээнбеков ошондой кыргыз элинин намысын бийик көтөргөн даанышмандардын бири. Мындай мыкты адамдар бир кылымда бир эле чыгат. Ысымы өчпөйт, бирок, биз буларды тартынбай баалашыбыз керек.

Ооба, Сатыбалды өзүнүн Сузак районунун масштабында бааланды, айлына аты ыйгарылды, Жакшы дечи, бирок республиканын масштабына чыккан чоң инсандын атын борбор шаардын бир көчөсүнө беришибиз керек да. Бул маселени эмнеге ушу күнгө чейин чечпей жатабыз? Же бул ысым азыркы бийликке да коркунучту туудуруп жатабы? Депутат болду, улуттук телерадиосун башкарды, журналистиканын көркүн чыгарды. «Иштегенжерлеринен сунуш түшпөсө, коомдук уюмдар сунуштайт» деп ишенем. Толук түрдө татыктуу.

Кубан Мамбеталиев, 2012-жыл 

Булак: NazarNews.kg
 

 

Последние новости