www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Атамбаевдин чуулгандуу ишине акыры чекит коюлду. 23-июнда Биринчи Май райондук сотунда судья Эмилбек Каиповдун жетекчилиги алдында сот отуруму болуп, анда мурдагы президент 11 жыл 2 айга эркинен ажыратылды. Бул Кыргызстанда биринчи жолу мурдагы президенттердин бийликте отурган учурундагы мыйзамсыз кылыктары үчүн мыйзам алдында жооп бергени болду.
Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулушуна катыштыгы бар деп шектелген. Кылмыш ишинин негизинде алгач күбө катары тергөөгө чакырылган. Бирок мурдагы президент тоң моюнданып тергөөгө келүүдөн баш тарткан. Ал турмак өзү жашаган Кой-Таш аймагына кичинекей "мамлекетти" түптөөгө аракеттенип, кошуна-колоңдорун топтоп, коргонууга өткөн. Акырында коргонуунун жыйынтыгы трагедия менен жыйынтыкталып, мындай тон моюндуктан жаш жигиттер жабыр тартышты. Аскер кызматкерлеринин бири каза тапса, экинчиси оор абалда ооруканага жеткирилип, майып болуп калды. Ал эми Атамбаевге тагылган айыптар оордоду. Башта күбө катары гана каралып жаткан мурдагы президент киши өмүрүнө кол салууга да шектелди. Аз нерседен башын алакчылоого аракеттенген Атамбаев көп балээге кабылды, өзү кабылганы аз келгенсип жаш өмүрдүн жайрашына себепкер болду.
Оор беренелер менен узак мөөнөткө камалган Батукаевдин капысынан эле абактан чыгып кетиши Кыргызстан үчүн түбөлүк сырга айланды. Бул иштин негизинде кимдер гана камалып, кимдер гана сурак берген жок. Бирине бири төңкөрүп, биринен бири айыпсыз болуп, тергөөнү миң алакетке салышты. Дарыгерлер, лаборанттар, мурдагы министрлер, башпрокурорлор Батукаевдин кесепетинен темир тор артын көрүп чыгышты. Алардын бири мурдагы башпрокурор Индира Жолдубаевага да 23-июнда сот өкүмү чыгып, ал үй камагына алынды. Андан сырткары мамлекетке беш миллион айып төлөп берет. Мурдагы баш прокурор соттун өкүмү менен мамлекеттик бардык наамдарынан, сыйлыктарынан ажырады. Ушундай эле жаза Атамбаевге да тийиштүү болду. Мурдагы президент бир нече айга созулган сот процесстеринде түрдүү өнөр көрсөттү. Бирине келүүдөн баш тартса, экинчисинде темир тор артында отурууга караманча каршы турду. Дагы биринде мыйзамга кол шилтеген бойдон залдан башын бийик көтөрүп чыгып кетги. Мунусу менен мыйзамсыздыктын, мыйзамды сыйлабоонун үлгүсүн көрсөттү. Такыр эле көзүн май басып, өзүн жердеги Кудай сезип алганын далилдеди.
Убакыт ар бир кадамга таасын баасын берери чын. Оозун ачкандын баарына кылмыш ишин чаптата салып, амалы жеткенди абакка тыгып, амалы жетпей калганга айып пул төлөткөн мурдагы президент акыры өзү казган орго түштү. Бул жашоо бумеранг экенинин далили. Анткен менен өз кесиринин кесепетин жеке өзү тартпай канча деген жаштарды артынан сүйрөп, тагдырын башка нукка буруп жибергени өкүнүчтүү.
Мисалы, Сапар Исаков Атамбаевдин артынан баратып аңга түшкөнү баарына маалым. Ошол эле Индира Жолдубаева мурдагы президенттин "кримтөбөлдү айыккыс дартка чалдыктыруу" боюнча көз таңмай оюнуна катышпаганда, иштесе ишке тойбой турган курагында үй камагында калчылдабай, карьерасын ишенимдүү жогорулатмак.
Азганак айлыгына каниет кылып, оорулууларды айыктыруу менен убараланган катардагы канча дарыгер балээге кабылды. Так ушул эң жогорку тараптагы эң жогорку жалгыз адамдын чиеленишкен көрсөтмөсүнүн негизинде.
Жыйынтыктап айтканда, дайыма болуп келгендей "алманы аким жеди, таякты жетим жеди" болбой, бул сапар башкы буйрук берүүчү жана башкы уюштуруучу мурдагы президент деген ардактуу статусуна карабай жоопкерчиликке тартылды. Бул Кыргызстанга кайрадан акыйкаттуулуктун карааны жакындап келгенин билдирет. Болбосо буга чейин кылгылыкты кылгандар суудан кургак чыгып, азабы менен тозогун ылдыйдагы буйрукту аткаруучулар тартып келчү эмес беле. Мурдагы президенттин жаны ушунчалык ширин экен, колу менен кылганын моюну менен тартууга келгенде коркоктугун көрсөтүп, элдин далысына жашынып аман калууга аракеттенген. Өз максатына жетүү үчүн элди экиге эмес, төрткө бөлүүгө, бири бири менен кырчылдатып согуштурууга да кайыл экенин көрсөткөн. Тилеги таш каап, максаты ишке ашкан жок. Балким эми бул жашоодо миң бай, миң кыйын болсо да, бумеранг мыйзамынан эч ким кача албастыгына көзү жететгир. Анын ойлонууга мындан ары убактысы кенен эмеспи.
(Уландысы бар)
Булак: Майдан.kg