www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Менин оюмча Бирштейндин башкы максаты, кандай гана жолдор менен болбосун «Кумтөр» алтын кенин колго алуу болгон. Муну «легендарлуу» парламенттин депутаттык комиссиясы дагы тастыктап: «Сиабеко менен «Камеко» фирмалары – алар бир эле компания экендиги: өз ара тыгыз байланышып жана биримдикте келип алышып, «Кумтөр» алтын кенин иштетүүнү далдалчы фирма «Камекого» берүүгө Кыргыз Өкмөтүнүн макулдугун алууга жетишкендиги...» (Булак: стенографиялык отчеттон) деген тыянак чыгарат.

Аскар Акаевдин ишенимине кирген Борис мырза биздин өлкөбүздөн өзүнүн самолету менен 1 т. 634 кг. 31 гр. таза алтынды ташып чыгып кетиши, Кыргызстанда алтын иштетүү саясатында коррупциялык бурулуш жылдардын башаты болгон десем жаңылышпаймын. Ал эми эл ишенимине арзып Президент болгон Акаевдин өлкөдөгү кен байлыктардын таланып-тонолушуна негиз салган кылмышы нар көтөргүс.

Ошол учурда ар кандай куру убадаларды берип жүрүп, бийликтин «койнуна» киришти билген, алтын өндүрүшүнүн «А»сын билбеген далдалчы-ортомчу Бирштейн кыргыздын бир жарым тоннага жакын алтын күкүмүн тогуз рейс менен Швейцарияга ташып кетүүгө үлгүргөн. Бул баалуу продукция Өкмөттүн макулдугу жок эле, Президент Акаевдин оозеки тапшырмасы менен ташылып кеткен.

Ал кездеги «легендарлуу» парламенттин депутаты Турдакун Усубалиев алтын маселеси боюнча катуу маселелерди койгон. Ал эми Шергазы Мамбетов башкарган депутаттык комиссия иликтеп чыгып, өтө олуттуу фактыларды таап чыгышкан. Маселен, эч кандай бажы жана башка тийиштүү төлөмдөрүн төлөбөй, менчик самолету менен ташылып кеткен алтындын күкүмү аффинаждалып, Кыргызстанга кайра ташылып келбей, «Сиабекого» таандык «Вико» компаниясы аркылуу Бирштейндин Швейцариядагы «Индосуэц» банкында 1 миллион 634 миң 315 грамм (1 т. 634 кг. 31 гр.) алтын сакталат. Ошондогу депутаттык комиссиянын тыянагы боюнча ар бир жөнөтүлгөн партиядан алтындын күкүмүнөн 10 кг. жакын алтын дайынсыз жок болгонун тактап чыгышкан.

30455235Т. Усубалиев менен К. Исабеков

Мына ушул маселе боюнча Жогорку Кеңештин жыйнында сураганда, «Кыргызалтындын» андагы Президенти, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Сарыгулов: «... 60 кг. жетпей калганы, бизде тараза иштебей калып, КРАЗдын кузовуна канча батат, ошо менен эсептегенбиз. Разница бар...» (Булак: стенографиялык отчеттон) деп оңой эле кутулуп кеткен. Бул иш боюнча убагында Д. Сарыгулов баш болгон жетекчилердин бириси дагы жоопкерчиликке тартылган эмес.

Эми «Вико» компаниясы тууралуу кыскача айта кетели. Бул Цюрихте катталган ишкана. Анын башында Б. Бирштейн отурган. «Легендарлуу» парламенттин депутаттык комиссиянын корутундусу боюнча аталган компаниянын 90 пайызы Кыргызстандын үлүшүнө тиешелүү деп айтышат.

Мына ушул жерде бир «кылтак» бардай, окурман. Себеби, Кыргыз Өкмөтүнүн башчысы Т. Чынгышев Б. Бирштейндин Швейцариядагы «Вико» компаниясынын директорлор кеңешинин башкармалыгына чектелбеген мөөнөткө мүчөсү болуп шайланат. Эмне үчүн Өкмөт башчысы, болгондо дагы чет өлкөдөгү жеке менчик компаниянын директорлор кеңешинин башкармалыгына мүчө болууга кызыкты экен? Анда эмесе парламенттик комиссиянын стенографиялык отчетуна көңүл буралы.

«...Өкмөттүн атайын токтому жок. Ошентип, эгемендүү мамлекеттин өкмөтүн башкарган адам, Бирштейндин жеке компаниясынын чиновниги болуп калган. Ага өзүңүздөр баа бересиздер...», (Булак: стенографиялык отчеттон) дейт маалыматта.

Бул кандай? Бир сөз менен айтканда Кыргызстандын Өкмөт башчысы Т. Чынгышев Бирштейндин кол алдындагы жооптуу кызматкери болуп калдыбы, же айлыгы көп ишканага азгырылдыбы?

Эми Бирштейндин көзүн кызарткан «Кумтөргө» келели. Кыргызстандын кен байлыктарына көзүн арткан «Сиабеконун» артынан өлкөнүн экономикалык айдыңында «Камеко» компаниясы пайда болот. Айрым маалыматтарга караганда, «Кумтөргө» барчу жолдун «арыгын» дал ушул «Сиабеко» чаап келген. Чынында «Камекодон» башка компаниялардан дагы кен байлыкты иштетүү боюнча сунуштар түшүп турган. Маселен, «Грайнберг Продакшн Корпорейшн» компаниясы «Кумтөр» кенин иштетүүдө Кыргызстанга – 80%, фирмага – 20% менен консессияга берүү сунушун билдиришкен. Менимче, бул жакшы сунуш болгон.

Ал гана эмес, ошол учурдагы «Кыргызалтындын» башчысы, ЖКнын депутаты Дастан Сарыгулов парламентте маселе көтөрүп, «Камекону» колдобоого чакырат. «Камеко» андай деле «крутой» эмес, уран боюнча иштейт. Биз менен өтө чоң фирмалар иштешебиз деп жатышат. Мисалы, британский «Артизес». Граждандык долгум катары суранам, Өкмөттөн, Жогорку Кеңештен, Аскар Акаевичтен, воздержаться от ратификации соглашения с Камекой...» (Булак: ЖКнын стенографиялык отчеттон) деп агынан жарылган.

«Камеко» боюнча Дастан Исламовичтин бул сунушу дагы «суу кечпей» калат. Өкүнүчтүүсү, Дастан мырза арадан эки-үч ай өтүп-өтпөй, Канадага барып келгенден кийин теңирден тескери сүйлөп, кылымдын аферасын колдой баштайт. Ал гана эмес КРАЗдын кузову менен өлчөп чет өлкөгө алтын ташыган Д. Сарыгулов «Кумтөрдөгү» алтын ылгоочу комбинатты курууда канадалык компания долбоордо каралган суммадан бир канча ашык каражат коротконуна кайыл болуп, «көзүн жумуп», Кыргызстанды кошумча 175 600 000 доллар төлөмөр кылып койгон.

Турсунбек Чынгышев

Ошентип, «Сиабеко» таптап жүргөн компания Кыргызстанга келет. Аныгы, Премьер-министр Турсунбек Чынгышев Бирштейндин компаниясынын директорлор кеңешинин башкармалыгынын мүчөлүгүнө дайындалгандан кийин 1992-жылдын 4-декабрында «Кумтөр» кенин канадалык «Камеко» фирмасына берүү жөнүндөгү генералдык келишимге Кыргызстандын Өкмөт үйүндө эмес, алыскы
Канаданын Торонто шаарында кол коет.

ГКНБ: Задержан Дастан Сарыгулов. Попытки захвата власти связаны с Кумтором

Жогоруда Дастан Сарыгулов агынан жарылгандай, «Сиабеко» компаниясы дүйнөдөгү уранды иштетүү боюнча 2-орунду ээлеген ишкана экен. Ал эч качан алтын өндүрүшү менен иштебептир. Бирштейндин «Сиабеко» фирмасынын шарапаты менен келген «Камеко» компаниясы Акаевдик бийликтин коюнуна кирип, кылымдын аферасына айлана турган «Кумтөр» алтын кенин иштетүү тилегине акыры жетет.

Тагыраак айтканда, «Сиабеко» менен «Камеко» эже-сиңди десек жарашат. Ал эмес ошондогу Өкмөт башчысы дагы «Камекону» «Сиабеко» сунуш кылганын моюнга алган. «Камеко» дейбизби, Бирштейн дейбизби, алардын шылуундугун ушундан билиңиз, алтын өндүрүшү боюнча бир күн иштебеген компания эч кандай тендерге катышпай, кыргыз мыйзамын тебелеп-тепсеп, Кыргызстандын Өкмөтү менен «мандемдүү» келишим түзгөн.

КУБАНЫЧБЕК ИСАБЕКОВ, Жогорку Кеңештин эки жолку чакырылышынын депутаты, экс-вице-спикери,  КРнын Эмгек сиңирген экономисти,

юридика илимдеринин кандидаты

Булак: NazarNews.kg

Последние новости