www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бузулуп кеткен тамак-аш ракка алып келеби? Адистин жообу

Адистин билдиргенине караганда, боорго зыянын канцерогендик таасири бар делген афлатоксин тийгизет, ал тамакты көгөртүп жиберген жөндөмгө ээ.

Көгөрүп, ачып, жыттанып кеткен тамак-ашта ар кыл ооруларды, анын ичинен онкологиялык илдетти чакырган микроорганизмдер көбөйүп кетет. Бул туурасында онколог-дарыгер Суна Исакова айтып бергендигин "Известия" жазды.

Адистин билдиргенине караганда, боорго зыянын канцерогендик таасири бар делген афлатоксин тийгизет, ал тамакты көгөртүп жиберген жөндөмгө ээ. Бул зат дан азыктарында, токой жаңгактарында, сүттө болот. Биз бул азыктардын узак туруп калганда көгөрүп кеткендигине күбө болуп жүрөбүз.

"Токсин кан тамыр аркылуу боорго түшөт дагы, андагы клеткалардын ДНКларын жабыркатып, мутацияны чакырат. Бул клеткалардын шишикке айланышына алып келет, ал эми афлатоксин менен өтө катуу уулануу адам өмүрүн кыйышы мүмкүн", — деген Исакова.

Кээ бир учурда ал азыктарга аталган зат түшүмдү жыйнап жатканда жугуп калышы мүмкүн. Зыяндуу нерсени бул жерге кемирүүчүлөр түрүнө кирген жаныбарлар же канаттуулар алып келери да айтылган.

Адистин айтымында, афлатоксинди жеп алуу тобокелдиги тамак ичүү режимин бузуп же азайтууга алып келет. Исакова аталган токсин кездешпеген башка көк даттарда канцерогендик кооптуулук кездешпегени менен ал азыктарды колдон келсе жебей койгондон өтөрү жок экенин баса белгилеген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости