www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Буга чейин «Кумтөрдө» элдин жана өлкөнүн кызыкчылыгы корголбой келген. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кубанычбек Исабеков мамлекеттик телеканалдардын бирине маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, «Кумтөр» ишканасында чет өлкөлүк жарандар дагы иштейт, бирок алардын айлык акысы кыргызстандыктардын айлык акысынан кескин айырмаланып турат.

«Айлык акынын өлчөмүн акционерлер түзүшү керек эле. Кенде иштегендердин 4-5%ы чет өлкөлүктөр. Алардын айлык акысы калган бардык жергиликтүү жумушчулардыкына барабар. Мындай теңсиздик кайдан чыкты?», - деди ал.

Муну менен катар, Исабеков директорлор кеңешинде Кыргызстандын өкүлдөрү бар, алардын дагы айлык акысы өтө көп өлчөмдө деп белгиледи.

«Алар директорлор кеңешинде отургандан кийин өлкөнүн кызыкчылыгын коргош керек эле да, бирок алар тараптан өлкөнүн кызыкчылыгын коргоо аракеттер болгон эмес. Алар көп акча алышат. Жалпысынан буга чейин эч ким Кумтөрдүн ишинде улуттук кызыкчылыкты коргобогонун айткым келет», - деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости