www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстан динди окууну каалагандарды өз өлкөсүндө окууга үндөйт, анткени чет өлкөдө билим алуу радикалдашуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатууда.
"Нур-Султан" диндерди изилдөө борборунун маалыматына ылайык, экстремист болуп кеткендер чет өлкөлөрдө дин боюнча билим алышкан.
"Буга мисал катары белгилүү террористтер Саид Бурятскийди, Саид Куашини, ошондой эле псевдо-салафиттин үгүтчүлөрү Ахмад Мединский, Надир Абу Халид жана башкаларды келтирсек болот" - деди Борбордун бөлүм башчысы Бексултан Абдуллов билдирди.
“Биз чет жакта дин таанып келгендин зыяны жок дегенибиз менен, ар кандай окуяларга дуушар болуудабыз” - деди Абдуллов.
Акыркы бир нече жыл ичинде казак бийлиги диний билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнүн үстүндө иштеп келе жатат. Казакстанда диний билим берүүнү өнүктүрүүнү жөнгө салуу - Казакстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан иштелип чыккан.
Казакстандыктар диний билимди үйүндө, тогуз медреседе жана алты университетте ала алышат.
Булак: NazarNews.kg