www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
1991-жылы 10-августта Бишкек шаарында төрөлгөн.
2013-жылы Кыргыз-Орус Славян университетинин экономика факультетин аяктаган.
2015-жылы Орусиянын Интеллектуалдык менчик академиясын аяктаган.
2016-жылы Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын магистратурасын аяктаган.
Эмгек жолу:
- 2013-2015-жылдары - өкмөткө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик ишканасынын басма сөз катчысы (Кыргызпатент);
- 2015-жылдын январь-ноябрь айларында - Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик ишканасынын төрагасынын жардамчысы;
- 2015-2016-жылдары - Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик ишканасынын инновациялар бөлүмүнүн башчысы;
- 2016-2017-жылдары - өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн эксперти, каржы жана кредит саясаты бөлүмүнүн эксперти;
- 2017 - өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
- 2017-2019-жылдары - Коомчулук менен байланыш жана медиа бөлүмүнүн эксперти;
- 2019-2020-жылдары - Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн эксперти;
- 2020-жылдын январь айы - 2021-жылдын май айы - президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары.
Кыргыз Республикасынын президентинин ыраазычылык каты менен сыйланган (2016), Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Ардак грамотасы (2018), Бишкек шаардык Кеңешинин Ардак грамотасы (2019) жана жеке кол саат менен сыйланган.
Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы кеңешчиси.
Булак: NazarNews.kg