www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 3–4 чакырылыштарынын депутаты Кубанычбек Исабеков менен Кыргызстандын бийлик системасы тууралуу маек курдук.

--Кубанычбек мырза, мамлекеттик кызматтарда иштеген тажрыйбаңыз мол инсансыз. Кырдаал оорлоп, жогору жактагылар алапайын таппай жаткан мезгилде сиз билип, бирок башкалар этибар албай жүргөн маселелер бардыр. Мүмкүн жогору жактагыларга бере турган  кеңешиңиз бардыр?

--Бүгүнкү оор мезгилди эске алып,  Кыргызстандын бийлик системасын, облус район, айыл өкмөттөрдүн маселесин, айлыктарын  карап чыгып, макул болушса, кырдаал кыйын учурда шартка көнүшсө,  патриотпуз десе айлыктарын азайтып, врачтардын, укук коргоо органдардын, карантин учурунда тынымсыз иштеп,  түйшүк тартып жаткан кызматкерлердин айлыктарын жогорулатышыбыз керек. Бул биринчи кеңешим. Экинчи кеңешим өкмөттүн структурасын карап чыгып, кээ бир тармактарды бүгүнкү күндүн  талабына жараша көтөрүш керек. Мисалы, миграция кызматын. Мурун  мамлекети комитет ачылып,  Айгүл Рыскулова деген айымыбыз жетекчи болуп, Россияда, Казакстанда  бир топ өкүлчүлүктөр ачылып, мигранттар да шайлоого катышып, диаспоралар иштеп, мигранттар конституциялык укугун сезип, шайлоого катышканга шарт түзүлгөн эле. Азыр аларга мурдагыдай шарт түзүлбөй калганбы деген ойго келем. Анткени, дүйнөнү дүрбөлөңгө салган коронавирус илдети чыкканда миңдеген жарандарыбыз Россияда, Европада, Түркияда, Емираттан мекенибизге келе албай калышты. Алардын Кыргызстанга келе албай азап тартып, аэропортто отурганы, сыздаган ыйы, кайрылуулары жүрөк оорутат.  Кыргызстан эмгекти экспорттогон мамлекет болгондон кийин миграция кызматын  мамлекеттик комитет кылып, жок дегенде мурдагыдай  бөлүмдөрүн  район, облустарга ачып, Россияда, Казакстанда ачылган өкүлчүлүктөрүн жандандырып,  иш алып барбасак болбойт. Анткени, биздин мигранттар оор, кир жумуштарда иштеп, өзүн өзү багып, ата-энесине жардам берип, мамлекетибизге салымын кошуп, улуттук волютабызды кармап турганы үчүн аларга таазим этишибиз керек.

--Аларга жетишерлик колдоо көрсөтүш үчүн өкүлчүлүктөрдү эле жандандырганыбыз жетиштүү болобу?

--Негизги өкүлчүлүктөрдү жандандырыш керек. Ошондой эле мурда эл аралык, миграция, эмгек уюмдары менен тыгыз иштешкен миграциялык фондду бар эле. Ошону кайра пайдаланышыбыз керек. Биз учурунда аталган фонддун жардамы менен эл аралык миграция, эмгек уюмдары менен тыгыз иштеп, эл аралык, парламент аралык конференцияларды өткөрүп, миграция багытында бир топ мыйзамдарды кабыл алганбыз.  Аталган уюмдар иштеп жүрүп ооруп калса же майып болуп калса даарылатканга кол кабыш кылышчу. Кокус каза болуп калса, сөөгүн Кыргызстанга алып келгенге жардам кылчу.  Ошондой эле мигранттардын коопсуздук паспорту деген китепче менен брошюраны да ошолордун каражаттарына чыгарганбыз. Ал коопсуздук паспорту мигранттарга өз укугун жана барган мамлекетинде эмнени билүүгө милдеттүү экенин билгенге жардам берчү. Анда Россиянын мигранттарга жазылган айрым мыйзамдары басылчу. Ошондой эле биздин мигранттар кайсыл жерде элчилигибиз, консулдугубуз, миграция кызматынын өкүлчүлүгү бар экенин билишчү. Анда диаспоралардын аты-жөнү, электрондук даректери, телфондорунан бери жазылчу. Кокус бир нерсе болсо ошолорго кайрылып турушчу.

Ал коопсуздук паспорту темир жолдун автовокзалында жана авиа кассаларда билет сатып алганда  бекер берилчү. Азыр мигранттардын түйшүгүн жеңилдеткен ошол фондду иштеп аткан болсо күчтөнтүп, иши токтоп калган болсо жандандыруу керек болуп жатат. Биз деле түшүнүп жатабыз. Өкмөттүн, мамлекеттин бюджети тартыш болуп турат. Ички-тышкы карыздардын эсебинен бюджетте тартыштык чоң болоорун билип эле турабыз. Ошондой болсо да мекенине келе албай жаткан мигранттарды Кыргызстанга алып келүү үчүн өкмөттүн алдындагы миграция кызматы уктабай иштеп,  миграция боюнча эл аралык уюмдарга кайрылып, көчөдө калган,  аэропортто жаткан жарандарыбызга жардам кылып, алардын жатаканасына, тамак-ашына  дарыланганга көмөк кылышса жакшы болот эле. Биз ошол кызматтарды колдоно билбей жаткандайбыз. Депутаттар да Өкмөт башчы менен президенттен эле талап кыла бербей, аталган кызматка илим, билими төп келген адам иштеп жатыптырбы ошону  караштырса жакшы болот эле.

--Бирок, самолёттор учпай, эл аралык аба каттамдар жабылып жатканда аларды алып келе алабызбы?

--Алып келсек, жолун тапсак болот. Чет жакта  жүргөн мигранттарга өзгөчөчө оор абал түзүлүп калды. Аларды каалайбызбы, каалабайбызбы өз мекенине келгенге тиешелүү  шарт түзүшүбүз керек. Эгер мен сөз кылган миграциялык фонд иштеп жаткан болсо, ар бирибиз  өз каражаттарыбыздан жардам кылып, сыртта калган балалуу, оорукчан, мекендештерибиздин Кыргызстанга келишине шарт түзүшүбүз керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости