www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Маркум Элмирбек Иманалиевге төкмө акын Жеңишбек Жумакадыр ыр саптарын арнады.

Түшүмө чындап кирдиңби досум,
Түгөнөр кезди билдиңби досум.
Түйшөлтүп сени ызгардуу дүйнө,
Түбөлүк жайды сүйдүңбү досум.
Кучактап жыттап албайт бир белем,
Кууратар күндү ким билди досум.

Катылган сырлар бир эле досум,
Казына ырлар миң эле досум.
Өнөрдүн анык тулпары элең,
Өзүңө жетчү ким эле досум.
Өкүрүп турам өзүмө келбей,
Өкүнтүп кеттиң чын эле досум.

Табылбайт кымбат сага кеп досум,
Тагдырым экен санаа көп досум.
Суйкайган кыздар, балдарың кантем,
Сурашса атам кана деп досум.
Өзгөлөр билбес кадырдын баркын,
Өзүмдү кошо ала кет досум.

Жан дүйнө калды термелбей досум,
Жашайбыз эми сен келбей досум.
Эш тутуп залкар билчү калкың,
Эшмамбетти көргөндөй досум.
Токтобойт көз жаш кабырга сыздап,
Токтогул кайра өлгөндөй досум.

Ойлоруң тунук накта эле досум,
Обонуң муңдуу башка эле досум.
Көөнөрбөс өнөр сендеги бүткөн,
Көрүнүп турган кашка эле досум.
Кылымды көрөр алтындай башың,
Кырк эки гана жашта эле досум.

Замандын айткан чындыгын досум,
Санатың жашайт миң кылым досум.
Жылт эткен өмүр биз да бүтөр,
Жылмайып күтүп тургунуң досум.
Коштогон арман кургурум досум,
Кош эми Элмир булбулум досум...

Белгилей кетсек, ушул жылдын 20-апрель күнү КРнын Эл артисти, белгилүү төкмө акын, обончу, ырчы Элмирбек Иманалиев 42 жаш курагында көз жумган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости