www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

20-апрелдин кечинде "West Texas Intermediate" (WTI) маркасындагы мунайдын бир баррели дээрлик 100% кунун жоготту. Тактап айтканда шейшембиге оогон түнү Лондон биржасында 0,01 долларга чейин түшүп, кайра жогорулады. Бул тууралуу Азаттык билдирди.

Белгилей кете турган жагдай, бул WTI мунайынын май айында жеткирилчү бөлүгүнө тиешелүү баа.

Финансы талдоочулары фондулук биржа тарыхында баанын мынчалык ыкчам кулашы каттала элек болчу деп жатышат.

Арзандоого коронавирустун кесепетинен улам кара майга суроо-талаптын кескин кыскарып, Кошмо Штаттардагы WTI мунайы сакталган жайлар толуп баратканы себеп болгон. Өндүрүш ыргагы ушул бойдон кала берсе, Оклахома штатындагы Кушинг резервуары май айында толорун Рейтер агенттиги маалымдаган.

Бир апта мурда мунай экспорттоочу өлкөлөрдүн уюму жана постсоветтик мунайчы өлкөлөр мунасага келишкен. Ага ылайык, май-июнь айларында өндүрүштү суткасына 10 млн. баррелден ашырбоо сүйлөшүлгөн. Ага карабастан 20-апрелде Брент үлгүсүндөгү мунай 7% нарксызданып, баррели 26 долларга чейин түштү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости