www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия Федерациясынан келишимдик негизде сатып алынган буудай Кыргыз Республикасынын аймагына жеткирилип келе баштады. Өлкөгө 15 вагон – 1028 тонна буудай Чүй облусунун Кара-Балта шаарында жайгашкан «Дан» мамлекеттик ишканасынын кампасына түшүрүлдү. 

Белгилей кетсек, буга чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик материалдык резервдер фонду Россия Федерациясындагы азык-түлүк корпорациясы менен 33 миң тонна буудай сатып алуу боюнча келишимге кол койгон.  Ушул аптанын ичинде дагы 36 вагонго жүктөлгөн буудай темир жол аркылуу Кыргыз Республикасынын аймагына жеткирилет. Ал эми калган бөлүгү май айынын аягына чейин келет. 

Учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кампаларында ун менен буудайдын кору жетиштүү. Өкмөттүн тапшырмасы менен өзгөчө кырдаалдар/абал режими киргенден бери аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн 5 миң тоннадан ашык ун жана 150 тонна шекер бөлүнүп берилди. 

Последние новости