www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыздын ак таңдай акыны Элмирбек Иманалиев каза тапты. Социалдык тармакта түнү менен ырлар жазылып, кошоктор айтылды. Төмөндө Элмирбек акыныбызга жазылган кошокторду жарыялоону эп көрдүк. Алгач, маркум Элмирбек агабыздын төрт сап ырын эске салалы.

Жомоктой өмүр - жолдогу бекет,
Келгендер - келет, кеткендер - кетет.
Бирөөлөр бизге табылбай калды,
Бирөөлөр бизди табалбай калат. (Э. ИМАНАЛИЕВ)

Зайырбек Ажыматов

 ***
Көздөдүң кайсы куу жолду, Элмир,
Кыргызың жоктоп чуу болду, Элмир.
Жарылып жаным, өрттөнүп ичим,
Жаздыгым көлдөп суу болду, Элмир.

Ааламдан келген сыр элең, Элмир,
Агылып турган ыр элең, Элмир.
Акылгөй сендей көрбөгөм такыр,
Адамдын сырттан нуру элең, Элмир.

Ак таңды дайым сүйчү элең, Элмир,
Ак тилеп айтып жүрчү элең, Элмир.
Ак таңың атты, сен кайда кеттиң,
Арманым болдуң бүтпөгөн, Элмир.

Кудайдан келген бала элең, Элмир,
Көлкүгөн асылзаада элең, Элмир.
Даанышман сендей көрбөгөм такыр,
Данектей кезден даана элең, Элмир.

Чоңдорду сындап түтөдүң, Элмир,
Чындыкты дайым күзөдүң, Элмир.
Жоготом кантип мен эми сени,
Жолукчу кезди күтөмүн, Элмир...

Бердибек Жамгырчиев

Түгөнүп турат кеп деле,
Түнөрүп турат кеч деле.
Үч жылдай мурун зарлатып,
Элмира эжем кетти эле.
Өнөрү гүлдөп турганда,
Түбүнө өлүм жетти эле.

Кайра эми тойбой эх неге,
Тооруйсуң ажал кечке эле.
Кыргыздын кыраан уулуна,
Кырк эки жашың кеп беле?..
Деги эле ушул дүйнөңө,
Жетпеди акыл-эс деле..
Булбулдун тили каткан соң,
Калган жок сөзүм эч деле

Алаке Алманбет ЭКИНЧИ КЕЛБЕЙТ ЭЛМИРБЕК

Карагай ыйлап тал ыйлап,
Караган жандын баары ыйлап.
Асман ылап жер ыйлап,
Ааламда кыргыз жалпы ыйлап. 

Чырагы элең жылдыздын,
Булбулу элең кыргыздын.
Бурулуп кетип дүйнөдөн,
Буулуккан кабар угуздуң.

Ат арыбас болсочу,
Жаш карыбас болсочу.
Жаратканы чын болсо,
Жаш өлтүрбөс болсончу.

Элиң сүйгөн Элмирбек,
Эмне кеттиң эртелеп.
Экинчи келген Токтогул,
Экинчи келбей Элмирбек.

Арым Абдылдабековна 

Залкарлар кетип дүйнөдөн...
залимдер менен каларбыз, арман!
Жакшылар кетип ааламдан...
жамандар менен каларбыз, арман!
Асылдар кетип жергемден...
Акмактар менен каларбыз, арман!
*****
Буулугуп турган булбулдун тилин...
бук болсо кантип тыябыз, арман!
Буркурап ыйлап тургандыр баары...
өлүмгө кантип кыябыз, арман?
*****
Билинбей арман, кусасы ичте,
Билиги өчтү чырактын арман!
Билбеген билбей, арманы калды,
билгенге суусу булактын... арман...
токтоду... арман!

Бердибек Жамгырчиев

Элмир байке..

Жадырап ар мүнөттө карап өткөн,
Кана жаз? Кана жаштык? Кана көктөм?
Ушунча жакшы адам да болчу беле,
Тирүүлүк шаңын кошо ала кеткен..

 
Өнөрдөн учкан жебе элең байке,
Өмүрү бүтпөс кеп элең байке.
Тоо болуп турган ак калпак элге,
Токтогулубуз сен элең байке.

Жадырап турган жаз элең байке,
Мөңгүдөй бийик, таза элең байке.
Тагдырың толуп бөксөрүп турду,
Талантың жактан саз элең байке.

Өмүрдү сүйүп сүрчү элең байке,
Улуттун санат мүлкү элең байке.
Көр дүйнө менен толтурбай жанды,
Ыр гана жыйнап жүрчү элең байке.

Көңүлгө үмүт жакчу элең байке,
Көөдөндөн жарык тапчу элең байке.
Кылымды түрүп карасак кайра,
Кыргызга келген бакты элең байке.

Жабыгып азап чектиңби байке,
Жашоодон эми кечтиңби байке.
Ак көңүл жаның айта албай жок деп,
Ажалды ээрчип кеттиңби байке.

Баарына берген суратпай байкем,
Поэзиясы булактай байкем.
Кадырдын анык үлгүсүн сактап,
Кармадың бийик кулатпай байкем.

Жамгырдай жумшак төккөндө байке,
Жан дүйнө чыкчу көктөмгө байке.
Тереңден карап жашадың дайым,
Келечек менен өткөнгө байке.

Сапаты асыл эң бир көп байкем
Сахнадан күтчү эл дүрбөп байкем.
Кара түн басып, карааның көксөп,
Карайлап калдык Элмирбек байкем..

Маркум, ак таңдай акын Элмирбек Иманалиевдин жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости