www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 20-апрелде медициналык тез жардам борборунун дарыгерлер тобу № 17 үй-бүлөлүк медицина борборунун дагы бир медициналык кызматкерин Республикалык инфекциялык ооруканага алып кетишти. Бул тууралуу оорукананын башкы дарыгери Гүлнара Ташибекова билдирди.

Анын айтымы боюнча, ПЧР анализинин жыйынтыгы боюнча, кесиптешинде коронавирус тастыкталган.

Эскерте кетсек, буга чейин № 17 ҮМБнын төрт дарыгери коронавирусту жуктуруп алышкандыгы белгилүү болгон. Оорукана жабылып, кызматкерлер изоляцияга алынган. Гүлнара Ташибекова буга чейин № 17 ҮМБнын дарыгерлери Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун кызматкерлери менен байланышкандыгын маалымдаган. Кийинчерээк ҮМБнын дагы үч дарыгеринен коронавирус тастыкталган.

Коронавирустук инфекцияны жуктуруп алган 8 дарыгердин бирөөсү реанимацияда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости