www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүткүл дүйнө жүзү боюнча 270 миллиондой адам миграцияда жүрөт. Бул Россия мамлекетинин элинен дагы көптүк кылат. Кыргызстанда деле алты миллион элибиздин бир миллиондон ашыгы миграцияда жүрөт. Көпчүлүгү Россияда, Казакстанда жана Түркияда, ошондой эле Европа, Америка, Африка мамлекеттеринде да иштеп жүрүшөт. Бул көрүнүш экономиканын төмөндүгү менен байланыштуу, жумуштун жоксуздугу жана айлыктын аздыгынан элибиз айласыздан талаалап иштеп жүрүшөт. Тилекке каршы бийлик мигранттарды шайлоо убагында гана эстеп калат. Башка убакта алардын көйгөйлөрү чечилбей келе жатат.

 Биз өз убагында мамлекеттик комитет түзгөнбүз. Себеби, Кыргызстанга мигранттардан көп пайда алып келген бир дагы министирлик, мамлекеттик түзүм жок. Россияда рублдун баасы түшүп кетип, сом менен бирдей эле болуп калды. Ошону үчүн көпчүлүк мигранттардын акыбети, маңдай тери акталбай калып жатат. Алар кандай азап-тозок менен тыйын тапкандары бизге белгилүү. Бир комнатада 10-15 киши жашап жаткандар бар, канча үй-бүлөөлөр ажырашып жатышат, канча киши инвалид болуп калды, канча бала ата-энесинин тарбиясын көрбөй калды, ата-энеси мигрант болуп чет жакта жүрүшөт. Атасы же энеси Россиянын жараны болсо, экөөнүн бирөө кыргыздын жараны, балдар кимдики болуп эсептелинет?!

Армияда кызмат кылуу көйгөйү да бар, мисалы, Россиянын жарандыгын алса, бул жактан альтернативдик кызмат өткөн болсо дагы аны кайра аскерге чакырып жатат. Мигранттардын пенсия көйгөйү, медицина жактан камсыздоосу эмдигиче чечилбей келе жатат. Адамдын укугу бузулган түздөн түз фактылар көп. Биздин мигранттарды экинчи сорттогу адамдардай карашат, ошол эле өнүккөн Европада, Америкада дагы аларга мамилеси бузулду. Демек, биз өзүбүздүн жарандарды коргоп  калуу бүгүнкү күндүн чоң көйгөйлүү маселелердин бирине айланып баратат. Канчасы түрмөлөрдө жатат. Мурун миграциялык фонддун эл аралык миграция жана эл аралык эмгек уюмдары менен келишим түздүк элек. Алар менен түздөн түз иштешчү элек. Азыркы убакта бул нерселер унутулуп бара жатат.

Миграция кызматын көрүнгөн жерге тепкилеп, улам кыскартып, улам бир жакка кошуп келе жатышат. Миграция кызматы бүгүнкү күндө сунуш эле бере турган орган, саны боюнча дагы кызматкерлери аз болуп калды. Биз район, облустарда дагы бөлүмдөрүн түздүк элек, өзүн өзү актаган жакшы структуралардын бири болчу, анын баары жоюлду. Россияда, Казакстанда өкүлчүлүктөр ачылды эле, азыр алардын акыбалдалдары да начар.

Азыркы күндө дагы миграция кызматын тышкы иштер министрлигине берели дегендер бар. Тышкы иштер министрлиги өзүнчө мигранттардан бөлүнө албайт, алар ансыз деле кызмат кылып, жардам бериши керек. Андан көрө миграция кызматын күчтөнтүп, жок дегенде мамлекеттик комитетке айландырыш керек болчу. Мына Филиппиндин тажрыйбасын алып көргүлө. Президенти, өкмөт башчысы, тышкы иштер министрлиги болобу кай жерге барбасын миграция маселесин биринчи орунга коёт. Алар мыйзам аркылуу көптөгөн жеңилдиктерди берген, бүгүнкү күндө мигранттар өзүн өзү багып келет.

Кыргыздын сомун дагы кармап турган мигранттардын эмгеги. Сырт жактан доллар, рубль, тенге, евро алып келип жатышат.

Миграция кызматын жоюуга, кыскартууга мен каршымын. Күчтөндүрө турган мамлекеттик орган керек болуп турат. Ошол эле миграция кызматын УКМК, ички иштер министрлиги, чек ара кызматы болобу, баардыгын миграция маселеси боюнча координация кыла турган штабга айландырыш керек болчу. Биздин Кыргызстанда интерполдо издөөдө жүргөн кылмышкерлер дагы, легалдуу эмес адамдар да жүрүп жатат. Өзүбүздүкүлөр башка өлкөдө тачка сүйрөп жүргөндө, башка мамлекеттердин жарандары келип, жумуш орундарында иштеп жатышат. Ошол эле “Дордойдо”, “Кара-Суу базарында” чет элдиктер күндөн күнгө көбөйүүдө. Биздикилер сыртта жүрүшөт. Канчасы кулга айланды, канчасы документтери жок жүрөт, канчасы сатылып кетти, адам сатуу күндөн күнгө күч алып баратат. Ушунун баарын тескей турган миграция кызматы болчу. Аларга талапты катуу коюп, профессионалдарды алып барып, мигранттардын кызыкчылыгын коргой тургандай кылыш керек эле.

Жогорку Кеңештин үчүнчү-төртүнчү чакырылышынын депутаты, вице-спикери К.С. Исабеков

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости