www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кубанычбек Өмүралиев казак элине көңүл айтты

Түрк мамлекеттеринин уюмунун баш катчысы Кубанычбек Өмүралиев Каспий деңизиндеги аскердик машыгуу учурунда Казакстандын Аскер-деңиз күчтөрүнүн аскер кызматкерлеринин каза болгонуна байланыштуу көңүл айтты.

«Казакстан Республикасынын Аскер-деңиз күчтөрүнүн Каспий деңизиндеги аскердик машыгуусу учурунда болгон кайгылуу окуянын кесепетинен аскер кызматкерлеринин каза болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым», - деп айтылат анын билдирүүсүндө.

Өмүралиев ТМУнун катчылыгынын жана жеке өзүнүн атынан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө, Казакстан элине жана өлкөнүн өкмөтүнө көңүл айтты.

Ал каза болгондордун жакындарына бекемдикти жана сабырдуулукту, ал эми жабыркаган аскер кызматкерлерине тез арада сакайып кетүүсүн каалады.

Последние новости